Түркия террор менен күрөшүүсүн улантууда

Улуттук коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүү боюнча билдирүүлөрүн жарыялашты.

1548529
Түркия террор менен күрөшүүсүн улантууда

Акыркы бир айда жүргүзүлгөн ички жана эл аралык операцияларда 75 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлиги (УКМ) тарабынан жасалган билдирүүдө, акыркы бир айда өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө 9у ири жана 36сы орто масштабдуу болуп бардыгы 45 операция жүргүзүлдү, 75 террорист жок кылынды.

Билдирүүдө ошондой эле акыркы бир айда Сириядагы операция жүргүзүлгөн аймактарда 29у террордук уюм ДЕАШтын мүчөсү болгон 177 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Экинчи жагынан, Ички иштер министрлиги жасаган билдирүүдө,«Чагылган 16 Сехи токою операциясынын алкагында Битлистин элет жеринде жикчил террордук уюм ПККга таандык 1 тонна 50 килограмм аммиак селитрасы колго түшүрүлдү»,делди.



Тектеш кабарлар