Эрдоган Сенегалда "Жылдын адамы" деп табылды

Президент Эрдогандын француз товарларын бойкоттоого чакырганы жана Макронду сындаган билдирүүлөрү Сенегалда чоң колдоого ээ болгон.

1548223
Эрдоган Сенегалда "Жылдын адамы" деп табылды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Исламды жана Мухаммед пайгамбарды бутага алган сөздөрүнө карата чечкиндүү мамилеси үчүн Сенегалда "Жылдын адамы" деп табылды.

Сенегалда Ислам жаатындагы иштери менен белгилүү болгон JAMRA жазуу жүзүндө билдирүүсүндө; Макрондун Исламды жана Мухаммед пайгамбарды бутага алган сөздөрүнө каршы чыккан президент Режеп Тайип Эрдогандын "Жылдын адамы" деп тандалганын жарыялады.

Билдирүүдө, Мухаммед пайгамбарга карата жасалган ыплас кемсинтүүлөргө Эрдогандын тайманбастык менен каршылык көрсөткөндүгү да эске салынды.

Президент Эрдогандын француз товарларын бойкоттоого чакырганы жана Макронду сындаган билдирүүлөрү Сенегалда чоң колдоого ээ болгон.

Баш калаа Дакарда 7-ноябрда Исламофобияга каршы өткөрүлгөн митингде президент Эрдоганга колдоо билдирүүлөрү айтылган болчу.



Тектеш кабарлар