Эрдоган-Комсич сүйлөшүүсү
Эрдоган менен Комсич телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
1548159
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Босния-Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин хорват мүчөсү Зелко Комсич менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президент Эрдоган менен Зелко Комсичтин сүйлөшүүсүндө, Түркия-Босния-Герцеговина мамилелерин бекемдей турган кадамдар жана аймактык маселелер талкууланды.
Президент Эрдоган сүйлөшүү учурунда, Түркия катары Босния-Герцеговинанын биримдиги, бүтүндүгү, стабилдүүлүгү жана тынчтыгы үчүн бардык керектүү колдоолорду беришкенин жана мындан ары да уланта тургандарын айтты.