Чавушоглу Украинада "Жакшылыктын периштеси" сыйлыгы менен сыйланды

Чавушоглуна Украинада чыгарылган янтарь ташы менен кооздолгон "Жакшылыктын периштеси" сыйлыгы тапшырылды.

1548280
Чавушоглу Украинада "Жакшылыктын периштеси" сыйлыгы менен сыйланды

Украинанын кайрымдуулар ассоциациясы тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну бул өлкөдөгү кайрымдуулук иш-аракеттерине көрсөткөн колдоосу үчүн "Жакшылыктын периштеси" сыйлыгы менен сыйлады.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинанын кайрымдуулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган "Кайрымдуу Украина" темалуу сынакта, өзгөчө категориядагы "чет өлкөгө жардам" сыйлыгына татыктуу деп табылды.

Чавушоглуна Украинада чыгарылган янтарь ташы менен кооздолгон "Жакшылыктын периштеси" сыйлыгы тапшырылды.

Министр Чавушоглу сыйлыкка байланыштуу Твиттердеги билдирүүсүндө, Украинанын элчилер конференциясында сөз сүйлөп жана "Жакшылыктын периштеси" сыйлыгын алгандыгы үчүн сыймыктанганын билдирди.

Чавушоглу: «Тышкы иштер министри досум (Дмитро) Кулебага жана украин элине ыраазычылыгымды билдирем»,-деди.



Тектеш кабарлар