Чавушоглу:«АКШнын санкция чечими юридикалык жана саясий жактан туура эмес кадам»

Чавушоглу, бир телекөрсөтүүгө катышып, АКШнын Түркияга карата колдонуп жаткан санкцияларына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

1547169
Чавушоглу:«АКШнын санкция чечими юридикалык жана саясий жактан туура эмес кадам»

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) санкция чечиминин юридикалык жана саясий жактан туура эмес кадам болгонун айтты.

Чавушоглу, бир телекөрсөтүүгө катышып, АКШнын Түркияга карата колдонуп жаткан санкцияларына байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Министр Чавушоглу: «АКШнын санкциялар чечими юридикалык жактан дагы саясий жактан дагы туура эмес кадам болду. Бир тараптуу чечим кабыл алды. Түркиянын  же башка бир өлкөнүн эгемендигине кол салуу болуп саналат»,-деп айтты.

Чавушоглу: «Санкциянын мазмунун карасак, бизди ушунчалык радикалдуу солкулдата турган санкция эмес, ал бизге өтө терс таасирин тийгизе албайт. Эгерде адан артка кадам таштай турган болсо, анда ал ушул убакка чейин болмок. Санкциянын таасирлери кандай болоорун жолдошторубуз кеңири изилдеп жатышат жана албетте буга ылайыктуу кадамдарыбызды таштайбыз»,-деди.

Мевлүт Чавушоглу, АКШ менен карым-катнаштардын жөнгө салынышы үчүн АКШнын Түркиянын үмүтүн актай алышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар