Стамбул аэропортуна "5 жылдыздуу аэропорт" сыйлыгы берилди

Стамбул аэропорту сыйлыктарына жаңысын кошту.

1545922
Стамбул аэропортуна "5 жылдыздуу аэропорт" сыйлыгы берилди

Стамбул аэропорту, Лондондо жайгашкан эл аралык аба транспортун изилдөө уюму Skytrax тарабынан "5 жылдыздуу аэропорт" сыйлыгы менен сыйланды.

Түркиянын дүйнөгө ачылган каалгасы болгон Стамбул аэропорту, дүйнө жүзү боюнча жеңип алган сыйлыктар менен түрк авиациясынын сыймыгы болууну улантууда.

Жакында санариптик инфраструктурасы жана технологиялык өнүгүүсү менен Эл аралык аэропорттор кеңеши (ACI) тарабынан уюштурулган "16-ACI Europe Awards" сыйлыгынын алкагындагы "Санариптик трансформация" категориясында "Эң мыкты аэропорт" деп катталган Стамбул аэропорту сыйлыктарына жаңысын кошту.

Авиациялык Skytrax институту тарабынан "5 жылдыздуу аэропорт" деп табылган Стамбул аэропорту, айрыкча дүйнөдөгү эң чоң терминалы бар аэропорт болуу ийгилигин да көрсөттү.



Тектеш кабарлар