Түркиядан бир канча өлкөгө гранттык жардам берилет

Түркиянын, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Нигер, Конго, Нигерия, Тунис жана Өзбекстан менен өз-өзүнчө түшүнүшүү меморандумуна кол коюсу жана келишимдердин күчүнө кириши жана бекитилишине байланыштуу чечим Расмий гезитте жарыяланды.

1543246
Түркиядан бир канча өлкөгө гранттык жардам берилет

Түркиянын пандемия менен күрөшүүсүнүн алкагында түзүлгөн келишимдин күчүнө кириши менен бирге көптөгөн өлкөгө гранттык жардам, дары-дармек жана каржылык колдоо көрсөтүү камсыздалды.

Түркиянын, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), Нигер, Конго, Нигерия, Тунис жана Өзбекстан менен өз-өзүнчө түшүнүшүү меморандумуна кол коюсу жана келишимдердин күчүнө кириши жана бекитилишине байланыштуу чечим Расмий гезитте жарыяланды.

«Саламаттыкты сактоо жаатында грант берилиши боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун» алкагында Түркиянын ТКТРге 200 кутуча Фавипиравир, 5 миң Prevenar 13 вакцинасын, 500 PPV 23 пневмококк вакцинасын, Нигерге 1 желдеткич аппарат, Конго Республикасына 2 желдеткич аппарат, Нигерияга 10 миң куту гидроксихлорохин жана 2500 куту Фавипиравир жардам катары берилет.

Мындан тышкары, Түркия Туниске 5 миллион АКШ долларынан ашпаган грантты квалификациялуу каржылык салым кошуу үчүн берет. Макулдашуу, эки мамлекеттин гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн талап кылынган ички юридикалык процедураларды аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү берилген күндөн тартып күчүнө кирет.


Этикеткалар: #Түркиянын

Тектеш кабарлар