Президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Азербайжанга барат

Эрдоган Азербайжандын Президенти Илхам Алиев менен Карабахтагы ок атышпоодон кийин биринчи жолу жолугат.

1542112
Президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Азербайжанга барат

Президент Р. Т. Эрдоган бүгүн Азербайжанга барат. Эрдоган Азербайжандын Президенти Илхам Алиев менен Карабахтагы ок атышпоодон кийин биринчи жолу жолугат. Президент Эрдогандын Баку сапары эки күнгө созулат жана өткөрүлө туган сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар менен Карабахтагы акыркы абал каралат.

Эки лидер ок атышпоону көзөмөлдөө үчүн курулган  түрк  - орус борбору тууралуу акыркы абалды да карап чыгышат.

Сүйлөшүүлөрдө Түркия менен Азербайжандын биргеликте таштай турган кадамдарына байланыштуу баа берилет.

Президент Эрдоган Азербайжандын оккупация астындагы жерлерин бошотуу үчүн Арменияга карата  жүргүзгөн операциясынын ийгиликтүү аякташынан улам эртең борбор шаар Бакуда боло турган Жеңиш парадына да катышат.



Тектеш кабарлар