«Келишим түзүү үчүн саясий жактан мүмкүнчүлүгүбүз мыкты»

Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка Украина жана Түркиянын эркин соода келишимине муктаж экендигин белгиди.

1542092
«Келишим түзүү үчүн саясий жактан мүмкүнчүлүгүбүз мыкты»

Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка Украина жана Түркиянын эркин соода келишимине муктаж экендигин белгилеп : «Келишим түзүү үчүн саясий жактан мүмкүнчүлүгүбүз мыкты»,- деди. Качка Украинанын расмий маалымат агенттиги Укринформга берген маегинде Түркия менен өлкөсүнүн ортосундагы эркин соода келишими тууралуу сүйлөшүүлөргө байланыштуу баа берди.

Сүйлөшүүлөрдүн техникалык жана саясий деңгээлде жүрүп жаткандыгын жана динамикасы мыкты экендигин белгилеген Качка, эркин соода келишиминин негизги өнүмдөрдү камтышы керектигин баса белгиледи.

Качка Украинанын президенти В. Зеленскийдин  Түркия сапары жана андан кийинки сүйлөшүүлөрдүн бир топ этаптарынын ишке ашкандыгын белгилеп : «Азыркы учурда мыкты көрсөткүчтөрүбүз бар, (жаңы тип коронавирус эпидемиясына карабаста) соода көлөмү өсүүдө. Украина менен Түркия келишим түзүшү керек. Келишим түзүү үчүн саясий жактан мыкты мүмкүнчүлүгүбүздүн бар экендигин билебиз. Бирок албетте азыр да темир, буудай, тейлөө жана инвестиция темаларында тең салмактуулукту табышыбыз керек»,- деди.

Жол куруудан телекоммуникацияга чейин бир топ тармакта Украинадагы түрк фирма саны көбөйгөндүгүн айткан Качка эркин соода келишими менен түрк фирмаларынын инвестицияларын арттырууга даяр экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар