Түркиядан Кытайга бара турган алгачкы экспорт поезди Эрзурумда

Поезддин өлкө тышы каттамы кезеги менен Грузия  - Азербайжан -  Каспий деңизи өткөөлү  -  Казакстан жана Кытайдын Сиань шаары болот.

1541756
Түркиядан Кытайга бара турган алгачкы экспорт поезди Эрзурумда

4 -  декабрь жума күнү Стамбулдан азем менен узатылган алгачкы экспорт поезди багытындагы Сивастан кийин Эрзурум поезд станциясына барды. Бул жердеги иштерин аяктаган поезд Карска карай жолго чыкты.

Поездин Түркия  - Кытай каттамында Эрзинжан  - Эрзурум  - Карс жолунан кийин кечки сааттарда өлкө тышына чыгышы пландалууда. Өлкө тышы каттамы кезеги менен Грузия  - Азербайжан -  Каспий деңизи өткөөлү  -  Казакстан жана Кытайдын Сиань шаары болот.

Түркия республикасынын мамлекеттик темир жолдор акционердик фирмасы жана Pasifik Eurasiaнын кызматташуусу менен жолго чыккан поезд 2 континент, 2 деңиз жана 5 өлкөдөн өтүп жүгүн Кытайга жеткирет.

Поезд Түркияда 2 323 километр, Грузияда 220 километр, Азербайжанда 430 километр, Каспий деңизинде 420 километр, Казакстанда 3 200  километр жана Кытайда 2 100 километр болуп жалпы 8 693 километр жолду  өтөт.



Тектеш кабарлар