Жергиликтүү вакцинада экинчи этап 15 - декабрда башталат

Эржиес Университетинин Вакцина Изилдөө жана Өнүктүрүү Борбору тарабынан жаңы тип коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан жергиликтүү вакцинага талапкердин 2 - этаптагы изилдөөлөрүнүн 15 - декабрдан кийин башталары күтүлүүдө.

1540963
Жергиликтүү вакцинада  экинчи этап 15 -  декабрда башталат

 Эржиес Университетинин Вакцина Изилдөө жана Өнүктүрүү Борбору тарабынан жаңы тип коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан жергиликтүү вакцинага талапкердин экинчи  этаптагы изилдөөлөрүнүн 15 - декабрдан кийин башталары күтүлүүдө.

Жакшы Клиникалык Практика жана Изилдөө Борборунун директорунун орун басары Ахмет Инал жергиликтүү вакцинага талапкерлердин арасында кеңири колдонулууга эң жакын болгон  жана адамдарда сыноолору жүрүп жаткан вакцинанын биринчи дозасы ноябрь айынын башында 44 ыктыярчыга берилгенин жана бул дозадан кийинки экинчи дозанын да 26 – ноябрдан бери ыктыярдууларга берилип жаткандыгын айтты.

Экинчи этапты  15 -  декабрдан кийин баштоону пландашкандарын белгилеген Инал бул баскычта  болжол менен 200 – 250  ыктыярдууну алууну ойлошкондорун билдирди.

Инал сөзсүз түрдө жергиликтүү вакцинага муктаж экендерин баса белгилеп : «Биздин вакцинабыз азыркы учурда эң ишенимдүү вакцина деп айта аламын. Бул вакцина жергиликтүү, иштеп чыгаргандар да жергиликтүү, тыштан эч бир кийлигишүү болгон жок. Толугу менен өз мүмкүнчүлүктөрүбүз менен университетибизде мамлекет курган лабораторияларда чыгардык. Оң жыйынтыктарды алдык. Жарандарыбыз бул вакцинага ишенсе болот. Адамдарда тыштан келген вакциналардын ичинде башка бир зат болушу мүмкүнбү, генибиз менен ойнолбойбу деген суроолор бар. Булар чындыгында утопия. Тактап айтканда  мындай мүмкүнчүлүк жок бирок өз вакцинабызда мунун мындай нерсенин жок экендигин билишсин»,- деди.

Вакцина үчүн келерки жылдын апрель айын күтүшкөндөрүн айткан Инал экинчи этапты ылдам бүтүрө турган болушса эртерээк алууга болорун айтты.



Тектеш кабарлар