Юсуф Тутар "Дүйнөдөгү эң таасирдүү илимпоздор" тизмесине кирди

Иликтөөнү АКШдагы Стэнфорд университетинен Жон Лоаннидис жана анын командасы жүргүздү.

1539964
Юсуф Тутар "Дүйнөдөгү эң таасирдүү илимпоздор" тизмесине кирди

Түрк илимпозу проф. др. Юсуф Тутар "Дүйнөдөгү эң таасирдүү илимпоздор" тизмесине кирди.

Стамбулдагы Медицина илимдери университетинин билдирүүсүнө караганда, "Дүйнөнүн эң таасирдүү илимпоздору" изилдөөсүн АКШдагы Стэнфорд университетинен Жон Лоаннидис жана анын командасы жүргүздү.

"Science Direct PLOS Biology" илимий журналында жарыяланган изилдөөдө, өз тармагында кеминде 5 макала жарыялаган 7 миллион илимпоздун академиялык жетишкендиги бааланды.

Изилдөөнүн жүрүшүндө 1996-2019-жылдар аралыгында "дүйнөнүн эң мыкты окумуштуусу" категориясына кирген 100 миң илимпоз аныкталды.

"Дүйнөдөгү эң таасирдүү илимпоздор" тизмесине дүйнөдөн 100 миң, ал эми Түркиядан болсо Медицина илимдери университетинин Хамидие фармация факультетинин проф. др. Юсуф Тутар менен кошо 857 академик кирди.



Тектеш кабарлар