Түркияда бир суткада 194 миң 435 тест жасалды

Акыркы 24 саатта вирустан 193 киши көз жумду.

1539850
Түркияда бир суткада 194 миң 435 тест жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 193 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 14 миң 509 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 194 миң 435 тест жасалып, 6 миң 903 бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 32 миң 736 болду.

Ооруканадан айыгып чыккан 4 миң 811 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 423 миң 142ге жогорулады.



Тектеш кабарлар