Террористтердин багынып берүүсү уланууда

ПКК/КЖК террордук уюмунан качкан 2 терорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

1538734
Террористтердин багынып берүүсү уланууда

Быйыл ынандыруу жолу менен багынып берген террористтердин саны 218ге жетти.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрү ынандыруу жолу менен багынып берүүнү улантууда.

Ушул алкакта, Ички иштер министрлигинин координациясында Коопсуздук башкы башкармалыгы жана Жандармерия Башкы командачылыгы тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында ПКК/КЖК террордук уюмунан качкан уюмдун 2 мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Алардын 2014-2015-жылдары уюмга кошулуп, Сирияда иштеп жүргөндүгү аныкталды.

Ушундайча быйыл ынандыруу жолу менен ПКК/КЖК террордук уюмунан качып багынып бергендердин саны 218ге жетти.



Тектеш кабарлар