НАТОдогу Түркия-Греция жыйналыштарына грек тарап тоскоолдук кылып жатат

Техникалык жолугушуулар президент Режеп Таййип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин жолугушуусунан кийин чечилип, негизделген болчу.

1539151
НАТОдогу Түркия-Греция жыйналыштарына грек тарап тоскоолдук кылып жатат

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чылгындоо иш-чараларынын техникалык деталдарын аныктоо үчүн Греция менен Түркиянын аскердик делегациясынын ортосунда 30-ноябрда НАТОнун штабында жүргүзүлүшү пландалган техникалык сүйлөшүүлөр, грек делегациясы катышпагандыгына байланыштуу ишке ашкан жок.

Техникалык жолугушуулар президент Режеп Таййип Эрдоган менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин жолугушуусунан кийин чечилип, негизделген болчу.

Биринчи жолугушуу 3-сентябрда болуп өттү, аны НАТОнун Аскер комитетинин төрагасынын орун басары алып барды. Ошол күндөн бери алты жолугушуу өткөрүлдү.

НАТОнун баш кеңсесиндеги жолугушуулардын жыйынтыгында жалпы алкакты аныктаган «Техникалык регламенттердин тексти» эки мамлекеттин макулдугу менен 1-октябрда кабыл алынды.

Биринчиси 9-октябрда өткөн макулдашуудан кийин техникалык деталдарды аныктоо максатында өткөрүлгөн жолугушууну улантуу пландары Грециянын мамилесинен улам түзүлө алган жок. 16-октябрь деп аныкталган экинчи жолугушуудан кийин, 23-октябрда жана 30-октябрда дагы пландаштырылган, бирок Греция тарабынан оң жооп болбогондуктан, ал ишке ашкан жок.

Акыры, 30-ноябрга пландаштырылган жолугушуу грек делегациясынын жоктугунан улам жокко чыгарылганы маалым болду.

Жогорку кызматкер: "Түрк тарап НАТОнун баш катчысы баштаган Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чалгындоо чаралары боюнча аскердик чараларды аныктоо боюнча жолугушууларга ар дайым катышып келген; ар дайым катышат», деген билдирүү жасады.

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар жуманын башында: "Чыңалууну күчөтүп, окуяларды курчуткан биз эмес. Чындыгында, жакшы коңшулук мамилелерде сүйлөшүп,  көйгөйлөрүбүздү чечүү үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга аракет кылып жатабыз. Тилекке каршы алар сүйлөшүүлөрдөн алыс болуп, башка эшиктерден чечимдерди издешүүдө. Биз аларга мындай жол менен чечим таба албайбыз деп бир нече жолу айтканыбыз менен, алар дагы деле ошол маселени талап кылып жатышат. Алар туура эмес иш кылып жатышат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар