Акар: «Түрк-орус биргелешкен борбору курулууда»

Министр Акар Түркия-Россия биргелешкен борборуна байланыштуу маалымат берди.

1538338
Акар: «Түрк-орус биргелешкен борбору курулууда»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түрк-орус биргелешкен борборунун курулушу жүрүп жаткандыгын билдирди.

Министр Акар борбор шаар Анкарадагы жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн колдоо сапарында Түркия-Россия биргелешкен борборуна байланыштуу билдирүүлөрдү жасады.

Азербайжандын талаада дагы, үстөлдө дагы (Арменияга каршы) олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеген Акар, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышпоо келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө жана байкоо салуу максатында 11-ноябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен видеоконференция аркылуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшканын эске салды.

Акар: «Министрибиздин орун басары мунун техникалык деталдарын кесиптеши менен сүйлөшүп жыйынтыктады. Келишим түзүлдү. Ал жерде биргелешкен байкоо борборун түзүүгө эч кандай жазуу түрүндөгү тоскоолдук калган жок. Азыр борбордун курулушу жүрүп жатат»,- деди.

Тез арада түрк аскерлеринин байкоо борборунда кызмат кыла тургандыгын баса белгилеген Акар: «Түрк жана Россия генералы биргелешип иштешет. Түрк жана орус офицерлери чогуу иштешет. Ал жерде ок атышпоо режиминин сакталышын камсыз кылып, ок атышпоо келишиминин туруктуу болушуна аракет кылышат»,- деди.

«Мындан тышкары, азербайжандык боордошторубуз менен машыгууга байланыштуу иштерибиз да уланууда» деген Акар: «Бул боюнча бир туугандарыбызга колубуздан келгендин баарын жасайбыз жана азербайжандык боордошторубуздун адилеттүү доолорунда жанында болууну улантабыз. Буга эч ким шек санабасын», деп айтты.



Тектеш кабарлар