Түркия Фахризаденин өлтүрүлүшүн айыптады

Тышкы иштер министрлиги куралдуу кол салуунун натыйжасында Фахризаденин өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты.

1536163
Түркия Фахризаденин өлтүрүлүшүн айыптады

Түркия, Ирандык илимпоз Мухсин Фахризаденин өлтүрүлүшүн айыптады.

Тышкы иштер министрлиги куралдуу кол салуунун натыйжасында Фахризаденин өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө, «Тегерандагы куралдуу кол салуунун кесепетинен ирандык илимпоз Мухсин Фахризаденин өмүрүнөн айрылганы бизди капалантты. Биз бул мыкаачылык менен өлтүрүүнү айыптайбыз жана Иран өкмөтүнө жана маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз»,-делди.

Түркиянын аймактагы тынчтыкты жана бейпилдикти бузууга жасалган ар кандай аракетти жана кыймылды бул кыймылдын ким тарабынан жасалбасын терроризмдин бардык түрүнө каршы экендигин билдирген  жазууда буларга токтолду:«Ушуга байланыштуу, бул акцияны жасагандар ачыкка чыгып, акыйкаттыктын алдында жооп беришет деп үмүттөнөбүз, биз бардык тараптарды акыл-эс жана токтоолук менен иш алып барууга жана аймакта кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырабыз».



Тектеш кабарлар