Президент Эрдоган Америка мусулман жамаатынын конгрессине видеоконференция аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган идеологиялык фанатизмге президенттик деңгээлде  колдоо көрсөтүлгөндүгүн көрүшкөндөрүн айтты.

1535881
Президент Эрдоган Америка мусулман жамаатынын конгрессине видеоконференция аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган идеологиялык фанатизмге президенттик деңгээлде  колдоо көрсөтүлгөндүгүн көрүшкөндөрүн айтты.

Эрдоган Америка мусулман жамаатынын 23 – жылдык конгрессине видеоконференция аркылуу байланышып бул жылы бир гана коронавирус эпидемиясы менен эмес, андан да ылдам жайылган «ислам душмандыгы» вирусу менен да күрөшүүгө мажбур болушкандарын белгилеп : «Көптөгөн жылдар демократиянын бешиги катары мүнөздөлгөн өлкөлөрдө  маданий расизм, басмырлоо жана сабырсыздык эми жашырыла албай турган абалга келди» ,- деди.

Ислам душмандыгы жана чет элдик душмандыгынын саясатты туткунга алган, күнүмдүк турмушту кыйын абалга салган, мамлекет саясаттарына багыт берген бир агымга айланганын белгилеген Эрдоган бир топ өлкөдө ишеничинен, тилинен, атынан же кийим кечесинен улам мусулмандардын четке кагылышы кадимки көрүнүшкө айлангандыгын айтты.

Швецияда Куран Каримдин өрттөлүшү, Норвегияда Куран Каримдин жыртылышы, Францияда басма сөз эркиндиги деген аттын алдында Азырети  Пайгамбарга акаарат  карикатуралардын колдоого алынышы мусулмандарга карата кол салуулардын бир канчасы гана экендигин айткан Президент Эрдоган : «Менталитет жагынан ДЕАШ же ФЕТӨдөн эч бир айырмасы болбогон бул идеологиялык фанатизмдин барган сайын күч алганын, ал түгүл президенттик деңгээлде колдоого алынгандыгын көрүп турабыз»,- деди.

Адамдардын ыйык туткандарын кемсинтүүнүн эркиндик менен байланышынын жок экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Куран Каримди өрттөгөндөрдүн далысын сылагандар, пайгамбарыбызга акааратты колдогондор, мечиттерге карата кол салууларды көрбөстүккө салгандар, балардын баары эркиндик үчүн эмес, ичтериндеги фашизмди жашыруу үчүн жасап жатышат. Биздин ыйык баалуулуктарыбызга карата бардык кол салууну пикир жана басма сөз эркиндиги ичине алып жатышып, өздөрү тууралуу кичинекей сынга да чыдамдуулук көрсөтө алышпайт»,- деди.

Эрдоган ачыктан – ачык ислам жана адамзаттык душмандыгынын эң чоң себеби мусулмандар ичинде болгон инерция жана кайдыгерлик экендигине токтолуп : «Ыйык нерселерибизге карата кол салуулардын алдында бардык айырмачылыктарыбызды бир тарапка таштап исламдын жалпы кызыкчылыгында чогулуу биздин милдетибиз. Мусулман эч кимдин акысын жебегендей эле  акысына, укунугуна кол салдырбайт. Кимден келсе келсин адилетсиздикке каршы унчукпай коюу бир мусулманга жарашпайт»,- деди.



Тектеш кабарлар