Жикчил террордук уюмдун дагы 5 мүчөсү ынандыруу жолу менен багынып берди

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирүү жарыялады.

1534651
Жикчил террордук уюмдун дагы 5 мүчөсү ынандыруу жолу менен багынып берди

Жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү болгон дагы беш террорист ынандыруу менен багынып беришти.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Ички иштер министрлигинин координациясында  Жандармерия Башкы командачылыгы жана Башкы коопсуздук дирекциясы менен макулдашып жүргүзүлгөн ынандыруу иштеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПККдан качкан 5 мүчөсүнүн Түркияга кирип коопсуздук күчтөрүнө багынып бергени маалымдалды.

 Уюмдун мүчөлөрүнүн 2011-2015-жылдар аралыгында террордук уюмга кошулуп, Сирия жана Иракта активдүү жүргөндүгү белгиленген жарыяда, 1-январдан бери багынып берген уюм мүчөлөрүнүн саны ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында 215ке чейин көбөйгөнү белгиленди.



Тектеш кабарлар