Түркиядан 857 илимпоз дүйнөдөгү эң ийгиликтүү илимпоздор тизмесине кирди
Бул тууралуу Карадеңиз Техникалык Университети маалымдады.
1534427
Түркиядан 857 илимпоз, дүйнөдөгү эң ийгиликтүү илимпоздор тизмесинин алдыңкы 2 пайызына кирди.
Карадеңиз Техникалык Университетинин (КТУ) билдирүүсүнө ылайык, Стэнфорд университетинин илимпоздорунун бири, профессор, доктор Жон П.А.Иоаннидис жана изилдөө тобу тарабынан, ар башка астыңкы тармактар боюнча 7 миллион илимпоздун арасынан алдыңкы 2 пайыздык тилимге кирген 160 миң кишиден турган тизме Plos Biology журналында жарыяланды.
Тизмени даярдоодо илимпоздордун h-индекси, басылмалардын саны жана цитаталар сыяктуу маанилүү критерийлерди эске алуу менен 22 илимий тармак жана 176 кошумча тармактар орун алышкан.
Тизмеде Түркиядан, 2019-жылдын маалыматтары боюнча 857 илимпоз орун алды.