Түркияда Улуттук коопсуздук кеңеши шаршемби күнү чогулат

Жылдын 5-жыйыны, Азербайжандын Тоолуу Карабах жеңиши жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жабык Мараш аймагынын бир бөлүгүнүн ачылышынан кийин өтө маанилүү мезгилде өткөрүлөт.

1532949
Түркияда Улуттук коопсуздук кеңеши шаршемби күнү чогулат

Улуттук коопсуздук кеңеши (УКК) шаршемби күнү президент Режеп Таййип Эрдогандын төрагалыгы астында чогулат.

Жылдын 5-жыйыны, Азербайжандын Тоолуу Карабах жеңиши жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жабык Мараш аймагынын бир бөлүгүнүн ачылышынан кийин өтө маанилүү мезгилде өткөрүлөт.

УККда Түрк армиясынын Азербайжанда милдеттене турган ролу  жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар баш болгон маанилүү стратегиялык темалардын каралышы күтүлүүдө.

Түркиянын Россия менен кура турган биргелешкен борбордо жана бул борбордун жасай турган иш-аракеттеринде Түрк куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлеринин жүргүзө турган иштеринин, УКК жыйналышынын маанилүү күн тартип беренелеринен болушу күтүлүүдө.

 Чыгыш Жер Ортолук деңизинде «Оруч Реис» сейсмикалык изилдөө кемесинин иштөө мөөнөтүнүн  29-ноябрга чейин узартылышы тууралуу жаңы Navtex жарыясы жана ушул жердеги башка окуялар дагы талкууланат.

Жыйналышта Ливиядагы түрк армиясынын ишмердүүлүгү, Сирия маселеси, терроризмге каршы күрөш жана башка аймактык жана улуттук коопсуздук маселелери талкууланары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар