Түрк жана британ учактары машыгуу учуусун аткарышты

Машыгуу иш-чаралары жабылыш аземи менен аяктады.

1531800
Түрк жана британ учактары машыгуу учуусун аткарышты

Түркия менен Британиянын учактары Кония шаарындагы 3-Башкы реактивдик база командирлигинде машыгуу учуусун жүргүзүштү.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, НАТО машыгууларынын алкагында Кониядагы 3-Башкы реактивдик база командачылыгына келген Британиянын Аба күчтөрүнө таандык 2 Eurofighter Typhoon учагы менен Түркиянын F-16 учактары жалпы 11 машыгуу учуусун аткарышты.

Машыгуу иш-чаралары жабылыш аземи менен аяктады.



Тектеш кабарлар