Дагы 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди

Быйыл ынандыруу жолу менен багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 206га жетти.

1531611
Дагы 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди

Ынандыруу иштеринин натыйжасында жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын дагы 2 мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Коопсуздук башкы башкармалыгы жүргүзгөн ынандыруу иштеринин негизинде жикчил террордук уюм ПКК/КЖКдан качкан уюмдун 2 мүчөсүнүн коопсуздук күчтөрүнө багынып бергендиги белгиленди.

Багынып берген террористтердин бирөө 10 жылдан бери, экинчиси 3 жылдан бери уюм менен Сирияда иштеп жүргөндүгү аныкталды.

Билдирүүдө быйыл ынандыруу жолу менен багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 206га жеткени маалымдалды.



Тектеш кабарлар