Түркия Ирактын жерлерине көз артпайт

Элчи Фатих Йылдыз, Асайиб Эхлилхак уюмунун лидери Кайс аль-Хазалинин сөздөрүнө жооп берди.

1531332
Түркия Ирактын жерлерине көз артпайт

Түркиянын Багдаддагы элчиси Фатих Йылдыз, Түркиянын Ирактын жерлерине көз артпаганын, бирдиктүү Ирактын жактоочусу экенин айтты.

Фатих Йылдыз, Ирактын мамлекеттик телеканалына билдирүү жасаган шиит күчү Асайиб Эхлилхак уюмунун лидери Кайс аль-Хазалинин «Түркия Ирактын жерлерине көз артып жатат» деген сөздөрүнө жооп берди.

Социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасаган Йылдыз:

«Түркия Ирактын жерлерине көз артып жатат дегендерге айта кетким келет. Өз кыялыңызда жараткан негизсиз айыптоолор менен Ирактын эгемендүүлүк жана жеринин бүтүндүгүнө коркунуч келтиргендер аркылуу көңүлдөрдү Түркияга бурууга аракет кылбагыла. Түркия бирдиктүү Ирактын эң күчтүү колдоочусу болуп саналат. Бул чындыкты эң жакшы Ирак эли билет. Сиз Ирак элин алдай албайсыз»,-деди.



Тектеш кабарлар