Чавушоглу Эфиопиядагы түрк жарандарына байланыштуу билдирүү жасады

Министр Чавушоглу, жаңжалдын ортосунда калган түрк жарандары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркиянын дайыма алардын жанында болоорун белгиледи.

1530339
Чавушоглу Эфиопиядагы түрк жарандарына байланыштуу билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Эфиопиянын Тиграй аймагындагы жаңжалдын ортосунда калган түрк жарандарынын ыкчам аракеттердин негизинде баш калаа Аддис-Абебага жеткирилгенин билдирди.

Чавушоглу, Твиттердеги баракчасынан «Аянтта жана үстөлдө күчтүү Түркия» деп бөлүшкөн билдирүүсүндө Эфиопиянын Тиграй аймагындагы кагылышуулардын ортосунда калган түрк жарандарына байланыштуу: «Тез арада аларды Түркиядагы үй-бүлөлөрү менен жолугуштурабыз»,-деди.

Министр Чавушоглу, жаңжалдын ортосунда калган түрк жарандары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Түркиянын дайыма алардын жанында болоорун белгиледи.

Тиграй аймагын башкарган козголоңчу Тиграй Элдик боштондук фронтунун (TPLF) күчтөрү 3-ноябрда улуттук армиянын бөлүктөрүнө кол салышкан жана Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед 4-ноябрда Тиграй Элдик боштондук фронтуна каршы аскердик операция жүргүзүүнү чечишкенин жарыялаган эле.

 



Тектеш кабарлар