Эрдоган:«Түркия эми өндүрүшкө, инвестицияга, жумуш менен камсыздоого жана экспортко көңүл бурат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, TOBB (Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдиги) Түркия экономика жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

1530097
Эрдоган:«Түркия эми өндүрүшкө, инвестицияга, жумуш менен камсыздоого жана экспортко көңүл бурат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия азыр кыйла күчтүү жол менен өндүрүшкө, инвестиция салууга, жумуш менен камсыздоого жана экспортко көңүл буруусу керектигин айтты.

TOBB (Түркиянын Палаталар жана Биржалар Биримдиги) Түркия экономика жыйынына катышкан Эрдоган, анда сөз сүйлөп, инвесторлор төмөнкү пайыздарды колдонуп, жогорку пайыздык чендердин инвесторду кысып жибербеши керектигин баса белгиледи.

Эрдоган:«Азыр бизди жаңы доор күтүп турат. Эми биз өндүрүшкө, инвестицияга, жумушка орношууга жана экспортко көбүрөөк көңүл буруубуз керек. Азыр ылдамдыкты жогорулатуу жетишсиз болгон, унааларды алмаштырышыбыз керек болгон мезгилдебиз. Бул үчүн эмне талап кылса, ошону кылууга чечкиндүүбүз»,-деди.

Эпидемиялык мезгилде баалуулугу жакшыраак түшүнүлгөн оорукана шаарчалары менен жалпы медициналык камсыздандыруу тутуму өзүнчө эле ийгилик окуясы экендигин белгилеген Эрдоган: «Биз дуушар болгон кол салуулардан улам, көз карандысыздык жана келечек үчүн күрөшүбүзгө көңүл буруп, инвестицияларды жана экономиканы көңүлдөн чыгарган жокпуз»,- деди.

Түркияда жүргүзүлгөн реформалар менен, 190 мамлекеттин индексинде 27 орунга көтөрүлүп, бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги 33 орунду ээлегенин түшүндүргөн Эрдоган, 3-чейректи  күчтүү өсүш менен жаба тургандары маалым болгонун  кабарлады.

Эрдоган: «Биздин өнөр жай өндүрүшүбүз көбөйдү. Биз каржылык туруктуулукту чогуу камсыздайбыз. Биздин максатыбыз инфляциянын бир орундуу көрсөткүчтөрүнө тезирээк жетүү. Биз структуралык жана микро реформаларды жүргүзүү менен өсүшкө жана жумуш менен камсыз кылууга багытталган түшүнүү менен өз жолубузду улантабыз. Өлкөбүз азыр даярдануу мезгилин артта калтырып, дүркүрөп өсүү мезгилине кирип баратат»,-деп айтты.

Эпидемиянын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардан улам келип чыккан көйгөйлөр жөнүндө кабардар экендигин билдирген Эрдоган, мамлекет катары бул көйгөйлөрдү бардык ыкмаларды колдонуу менен жеңүүгө аракет кылып жатышканын айтты.



Тектеш кабарлар