Эрдоган ТКТРна жасаган сапарына сереп салды
Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) чындыгын аймакта жана бүткүл дүйнөдө кабыл алдыра турган мезгилге киргенибизге ишенүүдөмүн»,- деди.
Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.
Дем алыш күндөрү Түндүк Кипр Түрк Республикасына сапар уюштургандыгын эске салган Эрдоган: «Биз ишке ашырган программа (Мараш) аймакты мындан ары тез калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген кадамдарды жасоого болгон чечкиндүүлүгүбүздүн көрүнүшү»,-деп айтты.
Рум-грек дуэтинин келишпестик мамилесинен улам, маанисиз маселелерди кайрадан талкууга алууну таштап, жаңы келечекти куруу үчүн (Кипрде) иш башташкандыгын билдирген Эрдоган: «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) чындыгын аймакта жана бүткүл дүйнөдө кабыл алдыра турган мезгилге киргенибизге ишенүүдөмүн»,- деп айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.