Президент Эрдоган Левкошадагы Тез жардам ооруканасынын ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Тайип Эрдоган,Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 37 жылдыгы боюнча уюштурулган салтанаттуу  иш-чараларга катышуу үчүн кечээ борбор шаары Левкошага барды.

1528205
Президент Эрдоган Левкошадагы Тез жардам ооруканасынын ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Левкошадагы Тез жардам ооруканасынын ачылыш аземине катышты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) 37 жылдыгы боюнча уюштурулган салтанаттуу  иш-чараларга катышуу үчүн кечээ борбор шаары Левкошага барган президент Эрдоган,  шаарда Түркиянын салымы менен 45 күндө курулган Тез жардам ооруканасынын салтанаттуу ачылышын үй ээси кесиптеши Эрсин Татар менен жасады.

Эрдоган бул жерде дагы жакшы жаңылыктарды берип,«Түндүк Киприбизге дагы 500 орундуу оорукананы салабыз деп ишенем»,- деди.

Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) өз өлкөсүндө таасирдүү болгон мезгилде премьер-министрлик кызматын аркалаганын  эске салган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар болсо, «Бул процессте, албетте, ар дайым бизге жардам берген эне мекенибиз Түркия жана анын президенти Режеп Таййип Эрдоган, орун басары Фуат Октай, саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа болду»,- деди.

Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  Саламаттык сактоо министри Али Пилли болсо, кыска мөөнөттүн ичинде курулган Тез жардам ооруканасынын Түркиянын глобалдык деңгээлде кандай күчтүү болгонун көрсөтүп тургандыгын баса белгиледи.

46 жылдан кийин жарым-жартылай ачылган Марашка баргандан кийин эки президент Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президентинин имаратында басма сөзгө жабык жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты күчтөндүрүү үчүн таштала турган кадамдар менен Кипр маселеси жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы абалдар жөнүндө пикир алмашуу болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар