Түрк-орус делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда

Орусиялык делегация Анкарага келген.

1527543
Түрк-орус делегацияларынын сүйлөшүүлөрү уланууда

Түрк жана орус аскердик делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр бүгүн дагы борбор шаар Анкарада улантылат.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Түркия менен Орусиянын аскердик делегацияларынын ортосунда Карабахтагы ок атышпоодон кийин жүргүзүлө турган иштер жана Идлиб менен катар Сириядагы кырдаал талкууланган министрликтеги техникалык сүйлөшүүлөрдүн бүгүн дагы улантылары маалымдалды.

Билдирүүдө Азербайжан менен Армениянын ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишиминин шарттарынын аткарылышы, оккупацияланган бардык аймактардын Азербайжанга кайтарылышы, аймактагы тынчтык жана бейпилдиктин калыбына келтирилиши жараянына көз салына тургандыгы, баш тартууга жол берилбей тургандыгы, зарыл болгон учурда Азербайжанга ар түрдүү колдоонун көрсөтүлө тургандыгы дагы бир жолу баса белгиленди.



Тектеш кабарлар