Россиялык делегация бүгүн Анкарага келет
20 кишилик орус делегациясынын Анкарага келиши күтүлүүдө.
Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Карабахта ок атышпоо режиминен кийин техникалык сүйлөшүүлөрдү өткөрө турган 20 кишилик орус делегациясынын Анкарага келиши күтүлүүдө.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, бүгүн Анкарага Орусиядан кеңири масштабдуу делегация келе тургандыгын жана Карабахта ок атышпоо режиминен кийин аткарыла турган иштер боюнча техникалык сүйлөшүүлөр болорун билдирген болчу.
Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, алгач тышкы иштер министрлигинде жолугушууларды өткөрүүсү пландалган делегация, түштөн кийин Улуттук Коргоо министрлигине барып техникалык сүйлөшүүлөргө катышат.
Аскердик жогорку даражадагы делегациялар өткөрө турган жыйындарда, келишимге ылайык тактика жана техника жагынан кайсы тарап кайсы жерде турат, канча адам болот, кандай иштер жүргүзүлөт деген сыяктуу маселелер талкууланат.