«Кануни» 2021-жылы Кара деңизде иштей баштайт

Сакария бассейнинде жалпысынан 40 кудук казылат.

1525855
«Кануни» 2021-жылы Кара деңизде иштей баштайт

«Кануни» бургулоочу кемеси 2021-жылдын биринчи айларында Кара деңизде иштей баштайт.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез парламенттин План жана бюджеттик комитетинде министрликтин ишин түшүндүрүп берди.

Дөнмез «Фатих» бургулоочу кемесинин Кара деңиздин Сакария аймагындагы Түркали-1 кудугунда 5-ноябрдан баштап бургулоо иштерин баштай турганын айтты.

Министр Дөнмез модернизациясы аяктаган «Кануни» бургулоочу кемесинин да 2021-жылдын биринчи айларында Кара деңизде иштей баштай тургандыгын жарыялады.

Дөнмез, Сакария бассейнинде жалпысынан 40 кудук казыла тургандыгын жана Республиканын 100 жылдыгы болгон 2023-жылы газдын колдонууга берилерин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар