Эрдоган Байден жана Трампка билдирүү жөнөттү

Президенттин Коммуникация башкармалыгы жасаган билдирүүгө ылайык, Президент Эрдоган өз кайрылуусунда, шайлоонун жыйынтыгы дос жана шериктеш болгон Америка Кошмо Штаттарынын эли үчүн пайдалуу болушун каалады.

1525865
Эрдоган Байден жана Трампка билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти болуп шайланган Жо Байденге куттуктоо жөнөттү.

Президенттин Коммуникация башкармалыгы жасаган билдирүүгө ылайык, Президент Эрдоган өз кайрылуусунда, шайлоонун жыйынтыгы дос жана шериктеш болгон Америка Кошмо Штаттарынын эли үчүн пайдалуу болушун каалады.

«Сиздин Президенттин жардамчысы болгон учуруңузда бир нече жолу талкуулаганыбыздай, Түркия-АКШ мамилелери туруктуу негизге негизделген стратегиялык мүнөзгө ээ»,деген сөздөрдү жазган Эрдоган өзүнүн билдирүүсүндө төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бүгүнкү күндө глобалдык жана регионалдык деңгээлде туш болгон кыйынчылыктар, бул мамилелерди жалпы кызыкчылыктарга жана баалуулуктарга таянуу менен андан ары өнүктүрүүнү жана чыңдоону талап кылат. Жакынкы мезгилде биз бул багытта АКШнын башкаруучулугу менен тыгыз кызматташууга чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу кайталайбыз жана биздин өлкөлөрдүн ортосундагы бекем кызматташтык жана шериктештик байланыш бүгүнкүгө чейин кандай болсо, келечекте дагы дүйнө тынчтыгына ошондой салым кошо турганына ишенем. Сизди шайлоодогу ийгилигиңиз менен куттуктайм жана Америка Кошмо Штаттарынын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм».

Ошол эле учурда, президент Эрдоган АКШдагы шайлоодо утулуп калган Дональд Трампка  да билдирүү жөнөттү.

«Түркия-АКШ карым-катнаштарынын жалпы кызыкчылыктары жана баалуулуктарынын негизинде өнүгүүсү үчүн чын ыкластуулук менен көрсөткөн көз карашыңыз үчүн ырахмат айтам», деди.



Тектеш кабарлар