Чавушоглу: «Ким шайланбасын Американын жаңы администрациясына да ушундай эле мамиле жасайбыз»

Чавушоглу Антальяда өткөрүлгөн «Түштүк Чыгыш Европа Кызматташуу процессинин тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынында» сөз сүйлөдү.

1523227
Чавушоглу: «Ким шайланбасын Американын жаңы администрациясына да ушундай эле мамиле жасайбыз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Америка Кошмо Штаттарында (ким президент болуп шайланбасын) жаңы АКШ администрациясына да ушундай эле мамиле жасай тургандарын билдирди.

Чавушоглу Антальяда өткөрүлгөн «Түштүк Чыгыш Европа Кызматташуу процессинин тышкы иштер министрлеринин расмий эмес жыйынында» сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө АКШда өткөн президенттик шайлоого токтолгон Чавушоглу: «АКШда ким шайланбасын биз кандайдыр бир өлкөгө кандай мамиле жасап жатсак АКШнын жаңы администрациясына да ушундай эле мамиле жасайбыз»,-деди.

Чавушоглу: «Биз АКШ менен болгон мамилебизди партиялардан жогору же саясаттан жогору көрөбүз»,-деп айтты.

Францияда билим берүү министри (Жан-Мишель Бланкердин) өзү сөз болгон комикс китебине цензура киргизгенин (бирок Мухаммед пайгамбарга каршы карикатураларга урусат бериши) айткан Чавушоглу: «Бул эки жүздүү жана кош стандарттуулуктун жакшы мисалы»,-деди.

Чавушоглу: «Биз ар кандай басмырлоого жана расизмге каршыбыз. Алардын бардыгын адамзатка каршы кылмыш деп эсептейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар