Эрдоган экономикадагы калыбына келүүгө токтолду

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

1521311
Эрдоган экономикадагы калыбына келүүгө токтолду

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Тез калыбына келтирүү мезгилинде турган экономикабыз 4-чейректе дагы ушул тенденцияны улантып, жылды оң өсүш менен жыйынтыктайбыз деп ишенем»,- деди.

Президент Эрдоган министрлер кабинетинен кийин билдирүү жасады.

Эрдоган, экономикада жылдын экинчи чейреги жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын көлөкөсүндө өткөнү менен, башка өлкөлөргө салыштырмалуу чектелүү кыскаруу болгонун белгиледи.

Жылдын үчүнчү чейрегинде тиешелүү чечимдер менен күчтүү калыбына келтирүү болгонун жана структура шокко каршы иммунизацияланганын белгилеген Эрдоган: «Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн экспорту кескин төмөндөп кеткен ушул мезгилде, Түркиянын ушундай өсүштү көрсөткөн болушу келечегибиз үчүн үмүт берүүчү болду. /.../ Тез калыбына келтирүү мезгилинде турган экономикабыз 4-чейректе дагы ушул тенденцияны улантып, жылды оң өсүш менен жыйынтыктайбыз деп үмүттөнөм. Биргеликте жана чыдамдуулук менен иштесек, алдыда бизди жаркын келечек күтүп тургандыгын көрө алабыз»,-деп айтты.


Этикеткалар: #экономикада , #Эрдоган

Тектеш кабарлар