Түркия Грецияны дагы бир диалогго чакырды

Хами Аксой Түркиянын  Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги сейсмикалык изилдөө иш - аракеттерине байланыштуу : «Биздин өлкө аймактагы ишин эл аралык мыйзамдын чегинде улантат",- деди.

1520070
Түркия Грецияны дагы бир  диалогго чакырды

Түркия Грецияны дагы бир жолу диалогго чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы Хами Аксой Түркиянын  Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги сейсмикалык изилдөө иш - аракеттерине байланыштуу : «Биздин өлкө аймактагы ишин эл аралык мыйзамдын чегинде улантат",- деди.

Грециянын тышкы иштер министрлиги кечээ Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги континенттик шельфинде улантып жаткан сейсмикалык изилдөө ишине байланыштуу негизсиз айыптоолорун кайталаган дагы бир билдирүү жарыялаганын айткан Аксой Грециянын максималист ойлоруна таянып жарыялаган ар бир Navtexтин артынан Түркиянын иштерине нааразычылык билдирүүсүнүн курулай аракет экендигин белгиледи.

Түркиянын Греция менен кызматташуусуна жана эки өлкөнүн ортосундагы маселелерди диалог жолу менен чечүүгө даяр экендигин белгилеген Аксой : «Албетте өлкөбүздүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын легитимдүү укугун жана кызыкчылыктарын сактоо чечкиндүүлүк менен улантылат»,- деди.

Грециядан негизсиз ырастоолор менен Түркияны күнөөлөп жана ар дайым кылгандай үчүнчү тараптарга арыздануунун ордуна аймакта чыңалууну  арттыруучу кадамдардан алыс болууну, сүйлөшүүлөр үчүн ылайыктуу чөйрөнүн жарытылышына салым кошуу жана сүйлөшүүлөргө даяр экендигин билдиришин күтүшкөндөрүн белгилеген катчы Аксой  : «Ушундан улам, биз Грецияны Чыгыш Жер Ортолук деңиз юрисдикциясы маселесин жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара  башка маселелерди чечүү үчүн диалогго дагы бир жолу чакырабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар