Измирдеги жер титирөөдөн 65 саат өткөндөн кийин дагы бир бала куткарылды
3 жашар Элиф Перинчек урандылардын астынан жаралуу куткарылды.
1520104
Измирдеги жер титирөөдөн 65 саат өткөндөн кийин дагы бир бала куткарылды.
3 жашар Элиф Перинчек урандылардын астынан жаралуу каткарылды. Ооруканага жеткирилген Элиф уранды астынан аман - эсен кутулган 106 -адам болду.
Жер титирөөдөн болжол менен 58 саат өткөндөн кийин 14 жаштагы Идил Ширин урандылардан куткарылган, азыркы учурда дарыланып жаткан Шириндин абалы жакшы.
Жума күнү Эгей деңизинде саат 14: 51де Түркия менен Измирдин Сеферихисардан 17 километр алыстыкта 6,6 баллдык жер титирөө болгон.
Жер титирөөдө каза болгондордун саны 83кө жетти.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.