Түркияга чет өлкөлөрдөн тилектештиктер билдирилүүдө
Жаракат алгандардын жакын арада сакайып кетишин каалаган тышкы иштер министрлери жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
1519488
![Түркияга чет өлкөлөрдөн тилектештиктер билдирилүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/75a9/5152/5568/5f9e4f7126ee4.jpg?time=1718880176)
Измирдеги жер титирөөдөн улам, көптөгөн өлкөлөрдөн кесиптештери Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна жакшы тилектерин айтышты жана колдоолорун билдиришти.
Оман тышкы иштер министри Бедр аль-Бусайди, Гаити тышкы иштер министри Клод Жозеф, Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунун (ИКАБ) премьер-министри Месрур Барзани Чавушоглу менен телефон аркылуу байланышты.
Жаракат алгандардын жакын арада сакайып кетишин каалаган тышкы иштер министрлери жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле Иорданиянын тышкы иштер министри Айман аль-Сафеди, Чавушоглу менен болгон сүйлөшүүсүндө жакшы тилектерин билдирди, Иорданиянын падышасы 2 Абдуллах, Иорданиянын Түркияга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.