Түркия : "Армения башкаруусу акыл - эсин жана абийрин жоготту"

Түркия жарандарды өлтүргөн Армения  башкаруусуна «акыл - эси жана абийрин жоготту» деп каршылык көрсөттү.

1517725
Түркия : "Армения башкаруусу акыл  - эсин жана абийрин жоготту"

Түркия жарандарды өлтүргөн Армения  башкаруусуна «акыл - эси жана абийрин жоготту» деп каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер минристрлигинен берилген маалыматта Армениянын Азербайжанда жарандарды өлтүрүү үчүн жүргүзгөн саясатынын Хожалы кыргынынын (1992 -  жылы Азербайжандын Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы поселогунда болгон жана азербайжандык жарандардын Арменияга караштуу күчтөр тарабынан топ түрүндө өлтүрүлүшү) артындагы оорулуу аң – сезимдин көрүнүшү экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө бул сөздөргө орун берилди : «Кечээки канкор кол салуусунан кийин Армения Азербайжандын кагылышуу аймагынын тышында калган Берде шаарындагы жарандарга каардуу кол салды. Бул кол салуунун натыйжасында алгачкы белгилөөлөргө караганда 21 кишинин каза болгондугу, 70тен ашуун кишинин жаралангандыгы белгиленди.

Каза болгон бир туугандарыбызга Аллахтан ыраймдуулук, жаралууларга шыпаа каалайбыз,  Жан Азербайжанга көңүл айтабыз.

Армениянын бала  - чака дебестен, кары  - жаш дебестен жарандык калкка карата кол салууларды наалаттайбыз. Армениянын жарандык калкты өлтүргөн бул саясаты Хожалы кыргынынын аркасында жаткан оорулуу аң  - сезимдин көрүнүшү.

Басып алган жерлерден чыкпаш үчүн бардык жолдорду пайдаланган Армения башкаруусу, акыл  - эс жана абийрин жоготкондй кыймыл кылууда. Бул акыркы кол салуу Армения жооптуу болгон согуштук кылмыштар тизмесинде бир абийрсиздик  документи катары орун алды.

Башта Минкс группасынын тең төрагалары жана эл аралык коомдун Арменияга керектүү каршылыкты көрсөтүүнүн учуру эбак эле келген».



Тектеш кабарлар