Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сүйлөшүүнүн деталдарын жарыялады.

1517697
Эрдоган менен Путин сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу сүйлөшүүнүн деталдарын жарыялады.

Министр Чавушоглу, эки лидердин сүйлөшүүсүндө Сириянын Идлиб аймагындагы кол салуулар жана Тоолуу Карабах маселесинин күн тартибине коюлганын билдирди.

Чавушоглу орус кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө да ушул эле маселелердин талкууланганын айтты.



Тектеш кабарлар