Террорго каршы күрөш уланып жатат
Террордук уюм ПККга каршы операциялардын чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы белгиленди.
1516566
Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Гара аймактарында кол салууга даярданып жаткан жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү болгон 6 террорист аба операциялары менен жок кылынды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттерден жасаган билдирүүсүндө, жикчил террордук уюм ПККга каршы операциялардын чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы белгиленди.
Билдирүүдө: «Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Гара аймактарында чалгындоо аппараттарынын негизинде белгиленген жана кол салууга даярданганы аныкталган 6 ПКК террористи абадан жүргүзүлгөн операцияларда жок кылынды», деп кабарланды.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.