Түркия Францияга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Франциянын Европа жана Тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын «Анкарадагы элчисин консультация үчүн Парижге чакыруу» чечин жарыялап жатып анын Түркияга жасаган билдирүүлөрүнө каршылык көрсөтүлдү.

1515831
Түркия Францияга каршылык көрсөттү

Түркия, Франциянын окуяларга жана  эки тараптуу карым-катнаштарга бир тараптуу жана эгоцентристтик ыкма менен улантканын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Франциянын Европа жана Тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын «Анкарадагы элчисин консультация үчүн Парижге чакыруу» чечин жарыялап жатып анын Түркияга жасаган билдирүүлөрүнө каршылык көрсөтүлдү.

Билдирүүдө, «Ле Дриандын Анкарадагы элчисин консультация үчүн Парижге чакыруу чечимин жарыялаган кезде, Франциянын өзү баштаган жана күчөткөн тирешүү процессин түшүндүрүүгө аракет кылып жатканы түшүнүктүү. Ал билдирүүдө сөз кылынган жагдайлар тилекке каршы Франциянын окуяларга жана эки тараптуу карым-катнаштарга бир тараптуу жана эгоцентристтик мамилеси уланып жаткандыгын көрсөтөт»,делди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Франциянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын көптөн бери президент Режеп Таййип Эрдоганды жана Түркияны бутага алуусуна үн катылбаганы эске салынган билдирүүдө, «Мусулмандарды ыза кылган карикатуралардын «сөз эркиндиги» деген шылтоо менен мамлекеттик имараттарга  проекциясына каршы эч кандай реакция болгон жок. Фактылар айтылып жатканда, Батыштын кадимки кош стандарттуулугу менен «сөз эркиндиги» эске алынбай жатат», деген сереп салынды.

Билдирүүдө, Түркиянын көп жылдар бою терроризмдин жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшкөн өлкө катары, ушул окуянын бардык курмандыктары сыяктуу (француз мугалими) Самуил Паттинин өлтүрүлүшүнө дагы өкүнгөндүгүн билдирип, төмөнкү сөздөргө орун берди: «Франциядагы өкмөтүбүздүн жогорку баскычындагы өкүлүбүз Париждеги элчибиз тарабынан биздин кайгыруубуз билдирилди. Түркиянын терроризм контекстиндеги сезимталдыгы тил, дин, раса жана пикир айырмачылыгын басмырлоону камтыбайт. Тынчсыздандырган нерсе, көп жылдар бою (сепаратисттик) террордук уюм ПКК тарабынан шейит кылынган биздин мугалимдер жөнүндө эч кандай билдирүүгө муктаж болбогон Франциянын бүгүнкү күндө мындай сезимталдуулукка кирүүсү дагы өзгөчө маанилүү».

Францияда Мухаммед пайгамбарды кемсинткен карикатуралардын жарыяланышы жана президент Эммануэль Макрондун аларды жарыялоону токтотпойбуз деген билдирүүсү реакцияны жаратты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган дагы Макрондун билдирүүсүнө, «Өлкөсүндөгү миллиондогон ар кандай ишенимдин мүчөлөрүнө ушундай мамиле кылган мамлекет башчысына эмне десек болот, биринчи кезекте, акыл-эс жагынан текшерилиши керек»,деген сөздөрдү айтып каршылык көрсөткөн болчу.

Андан кийин, Елисей сарайы жасаган билдирүүдө, президент Эрдогандын Франциянын президенти Макрон жөнүндө айткандары "кабыл алынгыс" деп белгиленди жана Франциянын Анкарадагы элчиси Эрве Магро өз өлкөсүнө консультацияга чакырылды.

Ошол эле учурда, мусулман дүйнөсүнөн, айрыкча Палестина, Кувейт, Пакистан, Ливан жана Ливиядан Макрон менен Францияга каршы чыгуулар уланууда.



Тектеш кабарлар