Кытайдан чыккан вакцина декабрь айында колдонула башташы мүмкүн

Кытай вакцинасы боюнча изилдөөлөр Хажеттепе университетинин координациясында   16  -сентябрда Анкарада башталды. Вакцинаны сыноо 25 башка борбордо жүргүзүлүүдө.

1515666
Кытайдан чыккан вакцина декабрь айында колдонула башташы мүмкүн

Cаламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Кытайдан чыккан вакцианын декабрь айында колдонула башташы мүмкүн экендиги билдирилди.

Кытай вакцинасы боюнча изилдөөлөр Хажеттепе университетинин координациясында   16  - сентябрда Анкарада башталды. Вакцинаны сыноо 25 башка борбордо жүргүзүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирүүсүндө, эгер бул изилдөөлөрдөн оң жыйынтык чыга турган болсо,  колдонуунун декабрь айында башталаарын билдирди. Жыл аягына чейин жалпы 5 миллион доза вакцина колдонулат. Кийинчерээк 5 миллион дозадан турган жаңы колдонмолор башталат.

Кытай вакцинасы гана эмес, Германияда чыгарылган вакцинанын иликтөөсү да улантылууда.  Ыктыярчылар боюнча изилдөөлөр Стамбул жана Анкара университеттеринин координациясында жүргүзүлүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында керектүү процедуралар  оң жыйынтык берсе немис вакцинасы да колдонула баштайт.

Бир тараптан жергиликтүү вакцина иштери да орчундуу бир баскычка келди. Жергиликтүү коронавирус вакцинасынын апрель айында даяр болору белгиленди.



Тектеш кабарлар