Чыгыш Жер Ортолук деңизинде «Оруч реис» үчүн жаңы NAVTEX жарыяланды
Жарыяга ылайык, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги «Оруч реис» сейсмикалык изилдөө кемесинин иштерин 4-ноябрга чейин «Атаман» жана «Женгизхан» аттуу кемелер коштоп жүрүшөт.
Чыгыш Жер Ортолук деңизинде «Оруч Реис» сейсмикалык изилдөө кемеси иштей турган аймак үчүн 4-ноябрга чейин созула турган жаңы NAVTEX (деңизчилерге жарыя), жарыяланды.
Жарыяга ылайык, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги «Оруч Реис» сейсмикалык изилдөө кемесинин иштерин 4-ноябрга чейин «Атаман» жана «Женгизхан» аттуу кемелер коштоп жүрүшөт.
«Оруч Реис» сейсмикалык изилдөө кемеси континенттик шельф жана табигый ресурстарды чалгындоо менен катар ар кандай геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү.
Дүйнөдөгү толук жабдылган жана көп максаттуу сейрек кездешүүчү изилдөө кемелеринин бири болгон «Оруч Реис» 2 жана 3 өлчөмдүү сейсмикалык, гравитациялык жана магниттик геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Кеме 8 миң метр тереңдикке чейин 3 өлчөмдүү, 15 миң метр тереңдикке чейинки эки өлчөмдүү сейсмикалык операцияларды жасай алат.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.