Акар: «Армения кылган кылмыштары үчүн сөзсүз жооп берет»

Түркия тарабынан Пакистанга экспорттолгон  MİLGEM (улуттук кеме) корвети, Акар жана Пакистандын Коргоо өндүрүш министри Зубайр Жалал Хан катышкан азем менен чанага коюлду.

1515525
Акар: «Армения кылган кылмыштары үчүн сөзсүз жооп берет»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, согуш жана адамзат кылмыштарын жасаган Армениянын Азербайжан армиясынын алдында жасаган кылмыштары менен көрсөткөнү сыяктуу, тарыхта жана эл аралык укукта да жооп бере тургандыгын айтты.

Түркия тарабынан Пакистанга экспорттолгон  MİLGEM (улуттук кеме) корвети, Акар жана Пакистандын Коргоо өндүрүш министри Зубайр Жалал Хан катышкан азем менен чанага коюлду.

Министр Акар Пакистандын Карачи кеме верфинде өткөн салтанатта сүйлөп жатып, Армениянын Азербайжанга каршы кол салуулары жөнүндө, «Согуш жана адамзатка байланыштуу кылмыштарды жасаган Армения өзүнүн кылмыштары үчүн Азербайжан армиясынын алдында, ошондой эле тарых жана эл аралык укук алдында жооп берет. Эл аралык механизмдер Армениянын дагы көп карапайым адамдардын кыргынга учуратылышын токтотушун, эми туруктуу тынчтык, бакубаттык жана ырааттулуктун Армениянын басып алган Азербайжандын өз жерлеринен чыгып кетиши менен камсыздала турганын түшүнүшү керек.  Биз менен ушул сезимдерди бөлүшкөн жана адилеттүү күрөшүүсүндө Азербайжанды колдогон Пакистан элине ыраазычылыгыбызды билдиребиз»,-деп айтты.

Бардык тармактарында тыгыз кызматташтыкта ​​иш алып барган  Түркия менен Пакистандын ортосундагы мамилелердин, эң сонун жана мисалы болгудай деңгээлде экендигине токтолгон Акар: «Улуттук күрөшүбүздө Пакистан элинин колдоосу биздин жүрөгүбүздө жана акылыбызда өчпөс орунду ээледи. Биз түрк улутун жалгыз калтырбаган ар дайым кайгы менен кубанычыбызды тең бөлүшкөн пакистандык бир туугандарыбыздын жароокерликтерин эч качан унутпайбыз. Түркия ар дайым  Пакистандын акылуу доосу Кашмир темасында анын жанында болду, мындан кийин дагы колдоосун улана берет»,-деди.

Пакистандын Коргоо өндүрүш министри  Хан да,  МИЛГЕМ корветтеринин Пакистан-Түркия достугунун символу катары эсте калаарын айтты.

Сөз сүйлөөлөрдүн аягында Акар менен Хан баскычты баскандан кийин кеме чанага отургузулду.

Ошол эле учурда министр Акар аземден кийин өлкөнүн негиздөөчүсү Мухаммед Али Жиннахтын күмбөзүнө зыярат кылды.



Тектеш кабарлар