S-400 системаларын сыноо иштери уланып жатат

Министр Акар: «Бул системаны сатып алуу, сыноо жана даярдыктар Түркия үчүн НАТОдон алыстоо дегенди билдирбейт»,- деди.

1515185
S-400 системаларын сыноо иштери уланып жатат

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар S-400 абадан жана ракетадан коргонуу тутумун сыноо жана даярдык көрүү иштеринин пландалгандай уланып жаткандыгын айтты.

Министр Акар: «Бул системаны сатып алуу, сыноо жана даярдыктар Түркия үчүн НАТОдон алыстоо дегенди билдирбейт»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган да кечээки билдирүүсүндө, Түркиянын С-400 ракеталык системаларын сыноо иштерине байланыштуу АКШдан жасалган билдирүүгө каршылык көрсөтүп: «Биз АКШдан сурабайбыз» деген эле.

Эрдогандын билдирүүсүндө: «Бул сыноолордун жасалганы чындык, жасалып жатат жана Американын мындай мамилеси бизди таптакыр байлап койбойт. Себеби биз мындай мүмкүнчүлүктөрдү сынабай эмне болуптурбуз? Биз муну Америкадан сурабайбыз»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар