Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

Эки ПКК террористи абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды.

1515000
Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККнын мүчөлөрү болгон эки террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлиги, Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында чалгындоо аппараттары менен белгиленген жана кол салууга даярданганы аныкталган 2 ПКК террористинин жок кылынгандыгын кабарлады.

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги билдирүүсүнө караганда, Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында террористтердин кол салууга даярданып жаткандарын чалгындоо аппараттарынын негизинде аныкташты.

Билдирүүдө: «Террордук уюм ПККга каршы операцияларыбыз чечкиндүүлүк менен уланууда. Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагында чалгындоо аппараттары аркылуу белигиленген жана кол салууга даярданып жаткандары аныкталган эки ПКК террористи абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды», делди.



Тектеш кабарлар