Түрк жээк коопсуздук топтору 232 качкынды куткарды
Муглада грек жээк коопсуздук элементтери тарабынан түрк сууларына түртүлгөн 232 чет элдик куткарылып кургактыкка чыгарылды.
1514494
Муглада грек жээк коопсуздук элементтери тарабынан түрк сууларына түртүлгөн 232 чет элдик куткарылып кургактыкка чыгарылды.
Жээк коопсуздук командирлигинин топтору Мугланын Мармарис районунун жакындарында резина кайыктагы 121, Бодрум районунун жакындарында 35 жана Датча районунун жакындарында 76 качкындын бар экендиги тууралуу берилген маалымат боюнча аймакка барды.
Топтор грек элементтери тарабынан түрк сууларына түртүлгөн резине кайыктагы чет элдиктерди кургактыкка чыгарды.
Мармарис, Бодрум жана Датча портторуна алып барылган качкындар облустук миграцияны башкаруу директорлугуна тапшырылды.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.