Элчи Сердар Кылыч АКШлык сенаторго каршылык көрсөттү

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч демократ сенатор Чак Шумерге катуу каршылык көрсөттү.

1514671
Элчи Сердар Кылыч АКШлык сенаторго каршылык көрсөттү

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч  Түркиянын Сирияда адам укуктарын бузгандыгын айткан  америкалык демократ сенатор Чак Шумерге катуу каршылык көрсөттү.  

Кылыч билдирүүсүндө Шумерге токтолуп : "Өзүңүздүн ички саясий программаңыз үчүн Түркияга каршы негизсиз дооматтарды коюңуз туура эмес. Эгерде аймактагы адам укуктарын бузуулар тууралуу чындыгында тынчсызданып жаткан болсоңуз өнөктөшүңүздөр  ЙПГ/ПККнын Раккадагы кыймылдарын жана Түркия менен Сириядагы террордук кол салууларды карап чыксаңыз жакшы болот»,- деди.

Түркиянын Сирияда күрттөргө каршы адам укуктарын бузгандыгын жана Армения менен Азербайжандын ортосундагы кагылышууну көкүткөндүгүн ортого салган Шумердин Түркияны айыптаган добушка салууну талап кылгандыгын бирок Республикачыл партиянын буга каршы чыкканын белгиледи.



Тектеш кабарлар