«Оруч Рейс» үчүн жаңы NAVTEX жарыяланды

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин миссиясы 27-октябрга чейин уланат.

1513794
«Оруч Рейс» үчүн жаңы NAVTEX жарыяланды

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси иштей турган аймак үчүн жаңы NAVTEX жарыяланды.

NAVTEX (деңизчилерге жарыя) билдирүүсүнө караганда, «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин миссиясы 27-октябрга чейин уланат.

Мурунку жарыяга ылайык, бул мөөнөт 22-октябрда аяктамак.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси «Атаман» жана «Женгизхан» аттуу кемелер менен биргеликте Чыгыш Жер Ортолук деңизинде сейсмикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси континенттик шельф жана жаратылыш ресурстарын издөө менен бирге ар түрдүү геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү.

Толук жабдылган жана көп максаттуу дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү изилдөө кемелеринин бири болгон бул кеме 2 жана 3 өлчөмдүү сейсмикалык, гравитациялык жана магниттик түрдөгү геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Ошондой эле бул кеме тереңдиги 8 миң метрге чейин 3 өлчөмдүү, 15 миң метр тереңдикке чейин 2 өлчөмдүү сейсмикалык операцияларды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар