Шентоп:«Кавказдагы туңгуюк Армениянын баскынчлыгы токтомоюнча улана берет»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Азербайжан Улуттук Парламентинде сөз сүйлөдү.

1512542
Шентоп:«Кавказдагы туңгуюк Армениянын баскынчлыгы токтомоюнча улана берет»

Түркия, Кавказдагы туңгуюк абал Армениянын Тоолуу Карабахты жана анын тегерегиндеги аймактарды басып алышын токтотмоюнча улана бере турганын билдирди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, Азербайжан Улуттук Парламентинде сөз сүйлөдү.

Шентоп өз сөзүндө, 30 жылдан бери Тоолуу Карабах көйгөйүнө чечим таба албаган Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минск тобунун мээси өлүмгө дуушар болгонун (ишке жарабай        калганын) айтты.

Шентоп, Азербайжандын байыркы жерлеринин 5тен 1и 30 жылдан бери оккупацияда болгонун баса белгиледи.

«Түркия,ушул кезге чейин болгону сыяктуу мындан кийин дагы бир тууган Азербайжанды колдойт»,- деди ал.

Армениянын карапайым жарандарды жана бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү мамлекеттик саясатка айландырганын белгилеген Шентоп: «Бул шылуун мамлекет кол салууларын улантууда. Азербайжан аскерлерине күчү жетпей, артын карабай качып кеткен Армения (анын аскерлери) жарандарга кыргын салуусун улантууда. Бул, албетте, абдан ачык согуш кылмышы. Андай болсо дүйнөдөн сурашың керек, эгерде муну каргабасаңар, эмнени каргайсыңар?»-деп айтты.

Шентоп Арменияга колдоо көрсөтүлө берсе, Кавказдагы бардык өлкөлөргө коркунуч туудурарын эскертип,«Бул коркунучтуу оюнду Арменияга кучак жайгандар токтотушу керек»,деген чакырык салды.

Шентоп: «Армения армиясы оккупацияланган аймактардан токтоосуз жана шартсыз чыгып кетиши керек. Армениянын арканын кармагандар бул оюнду эми бүтүрүшү керек. Азербайжан дагы 30 жыл күтүүгө мажбур эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар